Бишкекте бус менен жеңил унаа сүзүшүп, бир аял ооруканага жатты

© Sputnik / Мирбек СакеновМаршруттук унаалар. Архив
Маршруттук унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 16-августта болжол саат 20.30дар чамасында болгон.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын 7-апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде 13 жүргүнчүсү бар микроавтобус менен ВАЗ 21-10 жеңил унаасы сүзүштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте жол тандабас урган Mazda арыкка кирип кетти. Күбөнүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жолтандабас урган Mazda арыкка кирип кетти. Күбөнүн видеосу
Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы 16-августта болжол менен саат 20.30дар чамасында болгон. Анда транспорттун ичиндеги кишилердин ичинен улгайган аял жаракат алып ооруканага жаткырылды. Калгандары жеңил жараат алып, коркуп калышкан.

Жыйынтыгында жол кырсыгына кабылган эки автомашина тең атайын унаа токтотуучу жайга токтотулуп, топтолгон бардык материалдар тергөө бөлүмүнө жиберилип иликтөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0