Казакстанда кармалган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу камакта калды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Дамирбек Асылбек уулу
Депутат ЖК Дамирбек Асылбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку парламентарий 15-августка чейин деп камакка алынган. Мөөнөттү узартуу боюнча чечим 9-августта чыкты.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камактагы мөөнөтү узарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Алматы шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады.

15-августта соңуна чыкчу мөөнөттү узартуу чечими 9-августта кабыл алынган.

"Дамирбек Асылбек уулунун санкциясы 15-октябрга чейин узартылды. Бул убакытта иштин материалдары менен таанышуу жүрөт", — дешти маалымат кызматтан.

ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга Азиядан күмүш алып берген депутат Дамирбек Асылбек уулу тууралуу 7 факты
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу мене биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган.

Мурунку эл өкүлүнүн кармалышы видеого да тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0