Ошто Папан суу сактагычына чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды

© Айша КамиловаПапанское водохранилище в Ошской области
Папанское водохранилище в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумду куткаруучулар бир жарым сутка издешкен.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына чөгүп кеткен кишинин сөөгү бир жарым күндөн кийин табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

38 жаштагы кишинин чөгүп кеткени туурасында маалымат 112 кызматына 14-августта түнкү 10дон өткөндөн кийин түшкөн.

"Суу сактагычка чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине 14 куткаруучу тартылып, анын натыйжасында бүгүн, 16-августа, саат 09:20да сөөгү табылып туугандарына өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Ушул эле куткаруучулар маркумду кечээ да издеп бирок таба алышкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0