Алай тоолорунда башкаларды сактайм деген альпинистти таш басып калды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАльпинисттер, Архив
Альпинисттер, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таш кулап жатканы тууралуу топтун башка мүчөлөрүн өз маалында кабардар кылып, өзү ал жактан чыга албай калган.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагындагы Алай тоо кыркаларында Екатеринбургдан келген альпинист Кирилл Воронков кулаган таштын алдында калып каза болду. Бул кабарды Россиянны КРдеги элчилигинен тастыкташты.

Ленин чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Ленин чокусунан россиялык альпинистти көчкү басып каза тапты
Каргаша Түштүк Гаджир ашуусунан өтүп жаткан маалда болгон. 32 жаштагы киши альпинисттер тобун жетектеп, экспедитор экендигин "Уралинформбюро" маалымат агенттиги жазган. 

Воронков таш кулап жатканы тууралуу топтун башка мүчөлөрүн кабардар кылууга үлгүргөн. Бирок өзү андан чыга албай каза болгон. Билдирүүдө маркумдун каармандыгынан улам башкалар аман калганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0