Ысык-Көл: каналга түшүп кеткен эки баланы 50дөн ашык киши издеп жатат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРегионы России. Республика Адыгея
Регионы России. Республика Адыгея - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарды 30 милиционер, ӨКМдин жети куткаруучусу жана жергиликтүү 13 киши издеп жатат.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы каналга эки бала түшүп кетти. Бул туурасында аталган облустун милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Балдардын кырсыкка кабылганы туурасында милицияга 8 жаштагы кыз болжол менен саат 11лер чамасында билдирген.

"Кыз суу тез аккан каналга эки бала кулап түшүп, аны агым агызып кеткендигин кабарлаган. Окуя болгон жерге милициянын кызматкерлери, ӨКМдин куткаруучулары барып, сууну жапкан. Учурда балдарды издеп жатышат", — дешти.

Облустук милициядан балдар жоголду деп эч ким кайрылбагандыгын айтышты. ӨКМдин маалымат кызматы бул фактыны тастыктап, балдарды 30 милиционер, ӨКМдин жети куткаруучусу жана жергиликтүү 13 киши издеп жаткандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0