Автоинспекторду койдуруп, качып кеткен айдоочу табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан автоинспектор учурда ооруканада экендигин айтышты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жалал-Абадда автоинспекторду койдуруп алып качып кеткен айдоочу табылып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашты.

Окуя 9-августта болгон. Болжол менен саат 11:30дар чамасында Жалал-Абад облустук ЖККББнын кызматкери Асанов Opel Astra автоунаасын шектүү көрүнгөндүктөн токтотууга аракет кылган. Буга жооп иретинде айдоочу токтоп, кайра артка айдап автоинспекторду койдуруп, качып кеткен.

Работа сотрудников патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Манас проспектисинде Кайгуул-күзөт кызматынын унаасы оодарылып калды. Видео
Издөө иштери башталып, ошол эле күнү Сузак районун 38 жаштагы тургуну Талгат аттуу жаран кармалган. Аны текшере келгенде мас экендигин анык болгон.

Кырсык болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чакырылып, автоинспекторду облустук ооруканага жеткиришкен.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облустук милициясы Кылмыш кодексинин 34-беренесинин негизинде ("Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү") иш козголгон. Айдоочу Жалал-Абад облустук убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Милициянын жабырланган старшинасы Асанов ички иштер органында 2011-жылдан бери иштеп келе жаткандыгын, учурда ооруканада экендигин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0