Саламаттык сактоо министрлиги Бурулайдын денесиндеги жазуу боюнча үн катты

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOУбийство Бурулай в здании Жайыльского РОВД
Убийство Бурулай в здании Жайыльского РОВД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бурулайдын атасы кызынын денесинде кескиленип жазылган жазуу бар дегенинен министрлик кайрадан комиссиялык соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөн.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин адистери Бурулайдын денесинде эч кандай кесилип жазылган жазуу жок экенин айтып, ал дефибриллятордон калган так деген жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Бурулайдын ата-энеси жана жактоочунун талабы менен экинчи жолу комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анда эксперттер кыздын денесиндеги жазууну жокко чыгарып, аны жандандыруу учурунда колдонулган дефибриллятордун изи деген тыянакка келишкен

Биринчи экспертизанын жыйынтыгы да дал ушундай чыккан.

Бирок Бурулайдын атасы Турдалы Кожоналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде кызынын денесиндеги кескиленип жазылган жазуунун сүрөтүн көрсөткөн.

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын атасы: милиция бөлүмүндөгү видеолор өчүп калганын айтышты
Ал сүрөттү кийинчерээк социалдык тармактын колдонуучулары жарыялап, "н" жана "+" белгилери даана көрүнүп турганын жазып чыгышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы бул боюнча республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун эксперттик иш боюнча жетекчисинин орун басары, экинчи комиссиялык экспертизанын жетекчиси 25 жылдык тажрыйбасы бар Эрнис Акуновго кайрылышканын маалымдады.

Акунов экинчи комиссиялык экспертизанын курамына Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын соттук медицина кафедрасынын жетекчиси, 47 жылдык тажрыйбасы бар Муканбет Мукашев жана дефибриллятор менен 30 жылдан бери иштеп жүргөн дарыгер-реаниматолог Т.Текебаев киргенин баса белгилеп өткөн.

"Кыздын туугандары маркумдун денесинде кескиленип жазылган жазуу бар деп кайрылган. Экспертиза жүргүзүү учурунда биз тергөө органдарына кайталап карап чыгуу үчүн сөөктү эксгумациялоо боюнча сунуш жибергенбиз. Бирок Бурулайдын ата-энеси андан баш тарткан. Эгер ошондо сөөктү эксгумациялап, кайталап бир сыйра караганда бул суроого чекит коюлмак деп ойлойбуз", — деди Акунов.

Анын айтымында, Жайыл аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн дарыгерлери күбө катары кыздын денесиндеги из дефибриллятордун тагы экенин тастыктаган.

Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын атасы: премьердин тапшырмасынан бери Кашкар Жунушалиевди көрө элекмин
"Бир дагы дарыгер кыздын денесинен кескиленип жазылган жазууну байкабаганын айтты. Ал тургай маркумдун сөөгүн реанимация бөлүмүнөн жана моргдон бир эмес эки жолу карап чыккан эксперт Бакыт Касымбаев дагы эч кандай жазуу болбогонун айтып жатат. Окуя болгон жерде прокуратура өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери бар болчу. Мындан сырткары, сүрөттү да карап чыктык. Аны тыкыр текшерүүдө жазууга окшош тамгалар дефибриллятордун тагы экени тастыкталды", — деди дарыгер.

Эске салсак, 27-майдын түнүндө 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

20-июнь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0