Бишкектеги жарылуу. Россиялык бизнесменге кол салуу боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Максат ЭлебесовЖарылуу болгон жердеги милиция кызматкерлери
Жарылуу болгон жердеги милиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек ШИИББ ушундай сыяктуу көрүнүшкө күбө болгон жарандарды өздүк коопсуздук үчүн окуя болгон жерден алысыраак аралыкта болууга чакырат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндөгү жарылуу боюнча кылмыш иши козголгонун ШИИББден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жардыруучу заттын калдыктары экспертизага жөнөтүлдү.

"Окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-97-беренеси менен (адам өмүрүнө кол салуу) кылмыш иши козголду. Учурда ыкчам-издөө иштери жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Видео момента взрыва в центре Бишкека появилось в соцсетях - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жарылуунун видеосу чыкты
Бишкек ШИИББ ушундай сыяктуу көрүнүшкө күбө болгон жарандарды өздүк коопсуздук үчүн окуя болгон жерден алысыраак аралыкта болууга чакырып, 102 кызматына кабарлоону өтүнөт. Милиция кызматкерлери келгенге чейин шектүү каражаттарды кармалоого болбой турганы эскертилди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн короосунда жарылуу болуп, милиция аймакты курчоого алган. Жарылуудан россиялык ишкер Александр Гайдуков жаракат алып, травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Кийин медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилди.

Жабыркаган россиялык бизнесмен Александр Гайдуковдун Кыргызстан менен кандай байланышы жана байлыгы бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0