Бишкектеги окуя: бомба телефон аркылуу жардырылган

© Sputnik / Максат ЭлебесовОцепление милицией дома на улице Исанова в Бишкеке
Оцепление милицией дома на улице Исанова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык ишкерге дал ушул жерден буга чейин да кол салуу болуп, анын ким экендигин табылбай калган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Исанов көчөсүндөгү жардыруу россиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу максатында уюштурулганын укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Белгилей кетсек, 10-августта Бишкек шаарынын Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн короосунда жарылуу болуп, милиция аймакты курчоого алган. Жарылуудан россиялык ишкер Александр Гайдуков жаракат алып, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилип, ошол эле күнү ооруканадан чыгарылган.

"Алдын ала маалымат боюнча бул — кол салуу. Ичине мык, учтуу буроо салынып колго жасалган бомба жарылган. Ал уюлдук телефон аркылуу жардырылган. Ишкерге кол салган киши жабырлануучуну көрүп турган болушу ыктымал", — деп  билдирди укук коргоо органдарындагы маалымат булагы.

Россиялык ишкерге ушул эле жерден 2016-жылы дагы кол салуу болуп, кылмыштын бети ачылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0