Бишкектеги эт комбинатында чыккан өрт толук өчүрүлүп бүтө элек

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар в здании мукомольного комбината в Бишкеке
Пожар в здании мукомольного комбината в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда эки бөлүм толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы эт комбинатынын чатырынан чыккан өрт бир суткадан бери толук өчүрүлүп бүтө элек. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ош базардын аймагындагы эт комбинатында чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базардын аймагындагы эт комбинатында чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү
Белгилей кетсек, кечээ, 9-августта, таңкы саат 4.50лөр чамасында Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги эт комбинатынын чатырынан өрт чыккан. Жеринде беш өрт өчүрүүчү унаа, "Тазалык" ишканасынан төрт суу ташуучу машина тартылып, алты куткаруучу жана бир штаб иш алып барган. Жалын саат 11.23дө чектөөгө алынган. Учурда эки бөлүм толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Ал эми калган тартылган күч-каражаттар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан.

Өрттүн кесепетинен комбинаттын болжолдуу түрдө 5000 чарчы метр аянты күйгөн. Бактыга жараша, адамдар жаракат алган эмес.

Ушу тапта кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0