Ысык-Көлдөгү автокырсыктан жабыркаган француздардын абалы кандай? Дарыгер айтып берди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-августта Ысык-Көл облусунун Ананьево айылына жакын жерде төрт унаа кагышып андан бир адам каза болуп, алты киши жаракат алган. Жабыркагандардын арасынан Франциянын эки жараны оор абалда ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 8-авг.— Sputnik. Ысык-Көлдө жол кырсыгынан жабыркаган франциялыктардын абалы орто. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл аймактык ооруканасынын дарылоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талант Такенеев билдирди.

Эске салсак, 7-августта Ананьево айылына жакын жерде болжол менен саат 13.40тар чамасында төрт автонуаа кагышып, кырсык болгон жерде 23 жаштагы жигит каза тапкан. Кырсыктан Франциянын эки жаранын кошкондо алты адам жабыркаган. Кыргызстандыктар ооруканага баруудан баш тартып, француздар оор абалда хирургия бөлүмүнө жеткирилген.

Маалым болгондой, кырсыктан 32 жаштагы чет элдик жарандын жамбаш сөөгү сынып, 35 жаштагы адам санын кокустатып алган.

"Алар биздин ооруканага келгенде сөөктөрү сынып кеткендиктен оор абалда болчу. Азыр ал ахвалдары орто. Эсине келип, сүйлөп жатышат. Жума күнү операция кылуу үчүн аларды улуттук травматология борборуна алып барабыз. Ага чейин жол жүрүүгө болбойт", — деди Такенеев.

Такенеев чет өлкөлүк жарандар тиешелүү дарыларын алып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0