Россиядагы элчилик: Москвада жапырт мушташка катышкандар изделип жатат

Жазылуу
Элчилик Москвага келген кыргызстандыктарды иштеп жана жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарына баш ийип, коомдук жайларда жүрүүнүн эрежелерин жана жалпы эле этиканы сактоону өтүнөт.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги "Добрынинская" метросундагы жапырт мушташ туурасында түшүндүрмө берип, ага Москвадагы мушкерлер клубунун спортчуларынын катыштыгы бар деген маалымат айтылып жаткандыгын билдирди.

5-августта ИИМдин Москва шаарындагы Замоскворечье районундагы бөлүмү аталган окуя Кылмыш туурасындагы маалыматтар катталган китепке түшкөн.

"Мушташка Москва шаарындагы мушкерлер клубунун спортчуларынын катыштыгы бар деген маалымат айтылып жаткандыктан, элчилик аталган клубдардын машыктыруучулары менен аңгемелешүүлөрдү жүргүздү. Анда спортчулар тарабынан коомдук тартипти бузбоо, келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоо зарылдыгы айтылды. Өзгөчө, "Добрынинская" метросунун айланасында көп жүргөндөргө тиешелүү кеп болду", — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтен тактаганыбызда, кандай мушкерлер клубу жана алар кайсы тарапка таандык экендигин так айтышкан жок.

Вид на Москву - Sputnik Кыргызстан
Москвада 42 кыргызстандык кармалды. Элчиликтин түшүндүрмөсү
4-августта Москвада Борбор Азиядан баргандар тобу "Добрынинская" метросунун жанында мушташканы маалымдалган. Мушташкан күбө болгон жарандын айтымында, ага катышкан 40тай кишинин көбү таксист болгон. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары алар Кыргызстандан келгендер экендигин айтышкан.

6-7-августта элчиликтин кызматкерлери бул маселе боюнча РФтин тиешелүү тартип коргоо органдарынын жетекчилери менен жолугуп, жапырт мушташ боюнча талкуу болгон. Элчилик чатактан жабыркап, Москванын ооруканаларына түшкөн адамдар болбогондугун билдирди.

Учурда Москва шаарындагы тартип коргоо органдары "Добрынинская" метросунун жанында мушташтын себептерин жана ага катышкандарды, себепкерлерин издеп, иликтеп жаткандыгын кабарлады.

Элчилик Москвага келген кыргызстандыктарды иштеп жана жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарына баш ийип, коомдук жайларда жүрүүнүн жана жалпы эле этиканы сактоону өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0