Таластын тоосундагы өрттү өчүрүүгө Казакстандан тик учак тартылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРТалас облусунун Манас районундагы Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун тоо этектеринен (Казакстан менен чектешкен аймак) чыккан өрт
Талас облусунун Манас районундагы Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун тоо этектеринен (Казакстан менен чектешкен аймак) чыккан өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт 5-августта кайтадан тутанып кеткен.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Талас облусунун Манас районундагы Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун тоо этектеринен (Казакстан менен чектешкен аймак) чыккан өрттү өчүрүүгө Казакстандан тик учак тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билидрди.

Аталган тоодогу өрт буга чейин өчүрүлүп, бирок эки күн мурда кайра тутанып кеткен.

Учурда өрттү өчүрүүгө 496 киши тартылган. Андан сырткары, ӨКМдин Таш-Көмүр, Кара-Көл шаары жана Токтогул районундагы бөлүмдөрү дагы келген.

Ал эми Казакстандан тик учак менен 148 киши тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0