Чүй облусунда жоголгон таксисттин сөөгү талаадан табылды

Жазылуу
Дайынсыз болуп жаткан киши 5-августтан бери изделип жаткан.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Чүй облусунда кыйнап өлтүрүлгөн таксисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда 5-август күнү Ысык-Ата райондук ИИБине аял кайрылып, таксист болуп иштеген 52 жаштагы жолдошу дайынсыз болуп жатканын айткан.

"Таксисттин унаасы Кантка жакын жердеги Хун-чи айылында 6-августта табылды. Салонунда кандын тактары болгон. Милициянын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштерин аткарып, 7-августта Бирдик айылына жакын жердеги талаадан кыйнап өлтүрүлгөн кишинин сөөгүн табышты", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кылмыш жаза кодексинин 123-беренеси (адам урдоо) боюнча кылмыш иши козголгон, эми ишти башка беренеге өзгөртүү үчүн материалдар топтолуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0