Балыкчыда топтошкон балдар милицияга карата ок атышты

Жазылуу
Учурда эки бала кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Балыкчы шаардык милициясына 6-августта көчөлөрдүн биринде балдар чогулуп, курал көтөрүп жүргөнү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шаардык милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгып, 4-5 баланын тобун тапкан. Алардын экөөсүнүн колунда ок атуучу курал болгон.

"Милициянын автоунаасы жакындап келгенде балдардын бирөө аларды карай ок чыгарып, бактыга жараша, эч кимге тийген эмес. Андан кийин машинаны көздөй таш ыргытылган. Өз кезегинде милиция кызматкерлери "КР ички иштер органдары жөнүндөгү" мыйзамдын 15-беренесине ылайык, асманга эскертүүчү ок чыгарып, куралды өз эрки менен тапшырууну буюрушкан. Бирок балдар талапка баш ийбей, из жашырып кетүүгө аракет кылган", — деп айтылат маалыматта.

Сотрудник милиции выстрелил в 15-летнего подростка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Энесин атып алган милиционер, тонолгон финполчулар... 90-жылдардагы кылмыштар
Алардын артынан түшкөн милиция кызматкерлери Тоң районунун Шорбулак айылы менен Балыкчы шаарынын жашоочуларын кармап, жанынан ИЖ-18ЕМ үлгүсүндөгү эки аңчылык мылтыкты үч огу менен алышкан. Экөө тең 20 жашта экени айтылды.

Өз көрсөтмөлөрүндө алардын досун башкалар сабап кеткендиктен дал ошол күнү тершитирүү үчүн чогулуп, үйүнөн мылтык ала чыгышканын айтышкан.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбашчылык) боюнча кылмыш иш козголуп, тийиштүү экспертиза дайындалган.

Учурда курал-жарактар кимге таандык экенин жана кайдан алынганы такталууда. Андан сырткары, башка балдарды кармоо боюнча да аракеттер көрүлүүдө. Колго түшүрүлгөн экөө Балыкчы шаардык убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0