БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө эс алып жүргөн Казакстандын жараны жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 39 жаштагы казакстандык кишини сөөгү 5-августта Бостери айылындагы коттеджен табылганын тастыктады.
Каза болгон жаран келинчеги жана төрт баласы менен Ысык-Көлгө келип эс алып жүргөн. Анын сөөгүн мекенине алып кетишти.