Бишкекте белгисиз бирөөлөр бакты өрттөп кетишти. Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүӨрт. Архив
Өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында өрт саат 21:00дөр чамасында башталган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкекте белгисиз бирөөлөр бакты өрттөп кеткенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram номери аркылуу билдирди.

Анын айтымында өрт 5-августта саат 21:00дөр чамасында башталып, Бишкек ТЭЦтин аймагындагы Чоң Чүй каналынын жээгинде куураган чөп менен бадалдар күйгөн.

Окуянын видеосу Instagram тармагына дагы жарыяланган.

ӨКМ өрт өчүрүлүп, эч ким жабыркагабаганын маалымдап, бир өрт өчүрүүчү автоунаа тартылганын билдирди. Өрттүн чыгуу себеби аныкталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0