Афганистан: мечитте жарылуу болуп, 25 киши каза тапты

© REUTERS / MOHAMMAD ISMAILАфган полиция кызматкерлери. Архив
Афган полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка күбө болгондор курмандыктардын саны көп болушу мүмкүн деген маалыматты айтышкан.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Афганистандын Гардез мечитиндеги жасалган жардыруудан 25 киши каза болуп, 33ү жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости Tolo Newsсо телеканалына шилтеме берип кабарлады.

Талибдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афганистан: талибдер кол салып, күч түзүмдүн 30дай кызматкери мүрт кетти
Буга чейин курмандыктардын саны 20га чукулдап, ал эми жарадарлар 40 адамга жетти деп айтылган.

Гардез шаарында эки жан кечти мечитке кирип келип, жардырып жиберишкен. Телеканалдын маалыматына караганда, чабуул коюлган учурда диний жайдын ичинде 600гө чукул киши болгон. Кырсыкка күбө болгондор курмандыктардын саны көп болушу мүмкүн деген маалыматты айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0