Бишкекте үч унаа кагышып, бир адам жабыр тартты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеринен бардык материалдар алынып, иликтөө иштери башталды.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бүгүн, 2-августта Малдыбаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн келишинде үч унаа кагышып алды. Бул тууралуу ЖКККБдан кабарлашты. 

Алгач Porsche менен Daewoo Matiz унаалары сүзүшүп, жыйынтыгында экинчи авто жол жээгинде токтоп турган Toyota Land Cruiser жол тандабасына барып урунган. 

Жол кырсыгынын кесепетинде бир адам жабыркаган, бирок ал кайсы унаада отурганы айтылган жок. 

Жеринен бардык материалдар алынып, иликтөө иштери башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0