Кара-Көл шаарында автоунаа оодарылып кетип, бир киши каза болду

Жазылуу
Кырсык болгон жерге куткаруучулар келип, маркумдун сөөгүн автоунаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине тапшырып берген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын Сары-Булак тилкесинде Toyota RAV автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, машина жол четине чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте тез жардам автоунаасын BMW үлгүсүндөгү автоунаа коюп кеткенин окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте тез жардам машинасы кырсыктады. Сүрөт
Ага ылайык, жол кырсыгы 31-июлда саат 18:20лар чамасында катталып, бир киши каза болгон. Мындан тышкары, үч адам түрдүү жаракаттарды алганы айтылды.

Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0