Москва шаарындагы мушташтан КР жараны каза болду

Жазылуу
КР жаранынын сөөгү мекенине 31-июлда жөнөтүлөт жана бул иш элчиликтин көзөмөлүндө.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Москва шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары тобу менен мушташып, анын кесепетинин КР жараны каза болгонун Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.

Cот-экспертизаларынын алдын ала маалыматы боюнча КР жараны бийиктиктен кулап жан берген.

"Учурда Россиянын Тергөө комитетинин Кузьминск райондор аралык бөлүмү КР жаранынын өлүмү боюнча фактыны териштирип жатат. Тобу менен мушташкандардын бардыгы кармалды. Арасында Кыргызстандын төрт жараны, Өзбекстандын 10 жараны бар", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандардын көргөзмөсүнүн негизинде кылмыш ишин коргоо маселеси каралып жатат.

КР жаранынын сөөгү мекенине 31-июлда жөнөтүлөт жана бул иш элчиликтин көзөмөлүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0