Москвада жыныстык органына пластикалык операция жасаткан кыргыз аял көз жумду

Жазылуу
"Асклепий Мед" клиникасында жыл башынан бери Орто Азиядан барган 95 аял аборт жасаткан.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Москвадагы жеке клиникада жыныстык органына пластикалык операция жасатуу учурунда каза болгон аял Кыргызстандын жараны экенин тастыктады.

Министрликтин маалыматына караганда, 40 жаштагы С.Ж аттуу кыргызстандык аял 23-июль күнү "Асклепий Мед" клиникасында жан берген. Эртеси бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. Өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми медициналык борборго мөөр басылып жабылган.

"Ар бир кызматкерге сурак кылынды. Ичиндеги документтер алынып, кырсыкка себеп болгон бардык версиялар каралууда. Мындан сырткары, бейтаптын жыныстык органына пластикалык операция жасоо учурунда жан беришине себеп болду делген "лидокаин" дарысын Ош облусунда туулган 40 жаштагы О.Н аттуу аял сайганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

"Асклепий Мед" ЖЧКсы 2017-жылдын 5-декабрында каттоодон өткөн. Москванын чок ортосундагы көп кабаттуу имараттын биринчи кабатында жайгашкан.

Клиниканын негиздөөчүсү жана башкы директору К.С атуу 53 жаштагы Россиянын жараны. Ал Кыргызстанда туулганы жана 2010-жылы Россиянын жарандыгын алганы аныкталганы маалымдалат.

"Бул клиникага жыл башынан бери Орто Азиядан барган 95 аял кайрылып боюнан алдырган. Аборт жасатуунун баасы 3-5 миң рублдин тегерегинде болгон. Мындан сырткары, стоматолог, гинеколог, кардиолог, педиатр, терапевт, хирург, уролог, ЭКГ жана УЗИ кызматтары көрсөтүлүп турган. Ошондой эле анализдердин бардык түрлөрүн кабыл алышчу экен", — деп айтылат маалыматта.

"Асклепий Мед" медициналык борборунун Россиянын саламаттыкты сактоону көзөмөлдөө органынан жана Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинен алган уруксат кагаздары жок болуп чыккан.

Маалыматты ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү жана Элчиликтин консулдук бөлүмү Москванын укук коргоо органдары менен жолугуп тактаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0