Унчукпай өч алган. Балыкчыдагы пляжда таанышын бутка, курсакка сайган жигит кармалды

Жазылуу
Тергөө амалдары жүрүп, сот-медициналык экспертиза дайындалды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы пляжда 20 жаштагы Т.А. аттуу таанышын бутка жана курсак тарапка сайып салган 19 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын атасы: премьердин тапшырмасынан бери Кашкар Жунушалиевди көрө элекмин
Ага ылайык, окуя 22-июлда болгон. Жабырлануучу Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Тергөө учурунда аныкталгандай шектүү катары кармалган жаран 18-июлда түнкү саат 1:00дөр чамасында Т.А. аттуу таанышы менен чырдаша кетип, беркиси учтуу нерсе менен жамбаш тарапка сайганын айтып берген. Ал жаракат алып шаардык ооруканадан кароодон өтүп, окуяны жашырып,  милицияга  кайрылган эмес.

"Бирок 22-июлда таанышын шаардык пляждан көрүп калып өч алуу максатында аны да учтуу нерсе менен бутка, ичке сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда аталган эки фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча ("Бейбашчылык") кылмыш иши козголду" — деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдары башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0