Журналист Улан Эгизбаев киши колдуу болдубу? Милициянын билдирүүсү

© Фото / из личного архива Улана ЭгизбаеваМаркум журналист Улан Эгизбаев. Архив
Маркум журналист Улан Эгизбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум журналист 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын аймагынан сууга чөгүп кеткен.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы "Азаттык" радиосунун журналисти Улан Эгизбаевдин Ысык-Көлдөгү  "Акун" пансионатынын аймагында чөгүп кетиши боюнча билдирүү таратты.

Анда облустук милиция социалдык тармакта тарап жаткан айрым билдирүүлөр чындыкка жатпай турганын, өзүнүн жеке максатын көздөгөн кишилер туура эмес маалыматтарды таратып жатат деп айтылган.

Ал эми  Facebook социалдык тармагына 22-июлда  "Акун" пансионатында болгон окуя тууралуу эс алуучулардын бири  тартып алган видеосун жайгаштырган.

Андыктан Ысык-Көл ОИИБи окуянын кандай болгондугу жөнүндө билдирүү жасады.

"Улан Эгизбаев жубайы экөө 19-июлдан 22-июлга чейин Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан "Акун" пансионатында эс алышкан. 22-июль күнү болжол менен саат 11:00дө бөлмөсүнүн ачкычын администраторго тапшырып, Бишкек шаарына чыгар алдында дагы бир жолу көлгө түшүүгө барган", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө Кара-Ой айылынын 10 жана 14 жаштагы балдарынын айтканы келтирилген. Ошол күнү алар көл жээгинде эс алуучуларга жүгөрү сатып жүрүп,  "Акун" эс алуу жайынын көлгө секирип түшүүчү пирстен 20 метр алыстыкта бир адам чабалактап жатканын көргөнү айтылат.

"Ал адамды ойноп жатат го деп ойлоп көңүл бурушкан эмес экен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ал адам көлдүн үстүнө калкып чыгып калганын көрүшүп, ошол жерде көлгө түшүп жаткан чоң кишилерге айтканда, ал жерден үчөө көлгө кирип адамды жээкке алып чыккандыгын билдиришкен", — деп айтылат милиция тараткан билдирүүдө.

22-июлда болжол менен саат 4:30  (16: 30 — ред.) чамасында Ысык-Көл райондук ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнөн "Акун" эс алуу жайынан көлгө түшүп жатып, азият тектүү 20-25 жаштардагы адам көлгө чөгүп каза болгондугу боюнча билдирүү түшкөн.

Большой Чуйский канал - Sputnik Кыргызстан
Бир жумадан бери изделип жаткан алты жашар бөбөктүн сөөгү табылды
Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып, кырсык болгон жерге келип каза болгон жаран  Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну, "Азаттык" радиосунун журналисти Улан Эгизбаев экенин аныктаган.

Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 22 жаштагы тургунунун айтымында, аларга кичинекей балдар "көлгө бир киши калкып калды" деп айтканда эле үч киши болуп, калкып калган адамдын денесин жээкке чыгарышканын айтып берген.

Ошондой эле, "Акун" эс алуу жайынын кызматкерлери адамды куткарып калуу үчүн жасалма дем алдырып биринчи тез жардам көрсөтүшкөн, бирок, андан эч натыйжа болгон эмес.

Эгизбаев сөөгү Ысык-Көл райондук оорукананын өлүкканасына алып келинген. Маркум журналисттин Түп районунун Сары-Дөбө айылында жашаган бир тууган эжеси келип, өтүнүч арыз менен кайрылган. Арызында инисин Бишкек шаарындагы соттук-медициналык экспертиза борборунан тийиштүү экспертизадан өткөрүлүшүн көрсөткөн.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБде катталып, Улан Эгизбаевдин сөөгү Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборуна жеткирилди. Учурда, териштирүү иштери жүргүзүүлүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0