Өзбекстандын Шахимардан анклавында кыргызстандык ата-бала сабалды

Жазылуу
Окуя алар 19-июлда Машаллан жайытынан Кызыл-Булак айылына кайтып келе жатканда болгон.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Баткен облусундагы Өзбекстандын Шахимардан анклавында кыргызстандык ата-бала сабалды. Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя алар 19-июлда Машаллан жайытынан Котормо айылына кайтып келе жатканда болгон. Кыргызстандын жарандары дүкөндүн жанынан сабалган.

"Жолдон токтоп дүкөнгө кирип, кайра чыгып жатканда Шахимардан анклавынын 20дай тургуну экөөнө кол салган. Мунун кесепетинен 48 жаштагы киши жана 18 жаштагы уулу ооруканага жаткырылды. Бул туурасында бизге эртеси 20-июлда маалымат түштү. Аталган аймак Өзбекстанга тийиштүү", — деп милициядан билдиришти.

Кадамжай районунун Котормо айылынын тургундары жеңил жараат алып, тиштери сынган. Учурда жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары жаңжалдын себептерин иликтеп жатат. Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0