УКМК: аткаминерлер оорукана курууда мамлекетке 17 миллион сом зыян келтирген

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСтроительство жилых комплексов в Новгородской области
Строительство жилых комплексов в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коррупцияга каршы кызматтын маалыматына караганда, тендер мыйзам бузуу жолу менен өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддагы балдардын психо-неврологиялык ооруканасынын курулушунан аткаминерлер мамлекетке 17 миллион сомдук чыгым келтирген деп шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура: Бажы кызматы мамлекетке 3 млн. сомдон ашык зыян келтирген
Ведомствонун коррупцияга каршы кызматынын маалыматына караганда, Жалал-Абад облустук турак жай жана жарандык курулуш департаментинин капиталдык курулуш башкармалыгы оорукана куруу үчүн өткөн жылдын март айында тендер жарыялаган.

Жыйынтыгында, тендерге катышкан компаниялардын бири анын жыйынтыгы менен макул эместигин айтып чыккан. Мындан улам түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия аталган башкармалыкка "Мамлекеттик сатып алуулар боюнча" мыйзамдын чегинде чечим кабыл алууну талап кылган.

"Бирок башкармалык комиссиянын талабын аткарбай, тендердин жеңүүчүсү менен келишим түзүп койгон. Аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 17 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренелери (КР кызыкчылыгына каршы келишим түзүү) менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0