Никесиз төрөп, өмүрүнөн ажыраган кыз. Анын өлүмүнө агасы менен энеси шектелүүдө

Жазылуу
Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренесинини негизинде кылмыш иш козголду.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ноокат районуна караштуу Бел айылындагы каналдан 2-июль күнү кечки саат 20.30дар чамасында 25-30 жаштар чамасындагы аялдын сөөгү табылган. Анын денесинде кордолгондугун айгинелеген белгилер болгон. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын жетекчисинин орун басары Оролбек Акпаров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кыздын тек-жайы такталган.

"Маркум Ноокат районунун 22 жаштагы А.Ш. аттуу тургуну экени аныкталды. Анын сөөгү каналдын агымы менен 30 чакырымга чейин барып, 10 күндөй сууда жаткан. Кылмышка шектелип кыздын 47 жаштагы энеси менен 24 жаштагы агасы кармалды. Алдын ала маалымат боюнча кыз никесиз төрөгөндүктөн туугандары аны уят деп баалашкан. Шектүүлөр камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча соттук-медициналык, криминалдык экспертизалар дайындалып, Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде "Адам өлтүрүү" боюнча иш козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0