Өлтүрүп, мүрзөнүн жанына көөмп койгон. Шектелген кыргызстандык Москвадан кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүВесенние субботники в Москве
Весенние субботники в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум ушул жылдын 1-июлунан бери дайынсыз болуп жаткан.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Москва шаарынын аэропортунан адам өлтүрүүгө шектелип кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, шектүү кылмыш кылган соң Кыргызстандан чыгып кеткен.

"4-июль күнү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарынын тургунунан 54 жаштагы күйөөсү 1-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон келе электиги боюнча арыз түшкөн. Ага ылайык, Кылмыш жаза кодексинин 123-беренесинин 4-бөлүмү (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон", — деп жазылат маалыматта.

Приговор экс-министру экономического развития Алексею Улюкаеву - Sputnik Кыргызстан
Подмосковьеде киши колдуу болгон кыргызстандыктар. Шектүү кармалды
11-июль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кайырма айылынан анча алыс эмес жердеги мүрзөнүн жанынан болжол менен 55-60 жаштагы эркек кишинин сөөгү казып алынган. Буга байланыштуу укук коргоо органдары Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (топтошуп адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Маркум арыз менен кайрылган аялдын күйөөсү болуп чыккан.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө киши колдуу болгон адамдын аялы жана 38 жаштагы М.Э. аттуу киши колго түшүрүлсө, ошол учурда Бишкектен Россияга учуп кеткен 39 жаштагы С.Н. аттуу жаранга издөө жарыяланган.

Аны Кыргызстан менен Россиянын укук коргоочулары Москванын аэропортунан кармашкан. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертиза дайындалды. Кылмыштын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0