Ошто бөбөк сууга агып кетти. Анын ата-энеси ажырашып, таенеси тарбиялап жаткан

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүФестиваль "Русские Ганзейские дни" в Великом Новгороде
Фестиваль Русские Ганзейские дни в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристе таенеси менен калаадагы Озгур айылына конокко келген.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ош шаарында беш жаштагы кыз сууга агып кетип каза болгонун Ош ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, кыз таенеси менен калаадагы Озгур айылына конокко келген. Ал канал жээгинде ойноп жүргөн жеринен сууга агып кетип каза болгон. Бөбөктүн ата-энеси эки ажырым жолго түшкөндүктөн ал таенесинин колунда тарбияланып келгени айтылат.

Ош шаардык милициясы быйылкы сууга түшүү сезонунда үч бала чөккөнүн маалымдап, жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0