Чүй менен Бишкекте сууга чөккөн эки адамдын сөөгү табылды

Жазылуу
Маркумдардын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Чүй облусу менен Бишкек шаарында сууга чөгүп кеткен эки адамдын сөөгү табылганын ӨКМден маалымдашты.

Несчастные случаи в озерах КР - Sputnik Кыргызстан
Жума башынан бери төрт киши сууга чөгүп кетти
Билдирмеге караганда, борбор калаада 15-июль күнү саат 18.25тер чамасында куткаруучулар Бакаев менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналдан азият улутундагы 40-45 жаштар чамасындагы эркек кишинин сөөгүн алып чыгышкан.

Ошол эле күнү саат 13.20да Кой-Таш айылындагы "Аламүдүн" суусуна 40 жаштагы Н.М. аттуу киши чөгүп кеткен. Куткаруучулар келгенге чейин жергиликтүү тургундар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0