Москвада жол кырсыктан каза болгон кыргызстандыктын ким экени такталууда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВручение автомобилей "Скорой медицинской помощи" учреждениям здравоохранения Республики Татарстан
Вручение автомобилей Скорой медицинской помощи учреждениям здравоохранения Республики Татарстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтин консулдук бөлүмүнө 12-июлда маркумдун тууганы кайрылып, кайниси каза болгонун кабарлаган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Москва шаарында оор жүк ташыган автоунааны айдап келе жатып кырсыктаган 24 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгон. Учурда сөөктү мекенине алып кетүү боюнча уруксат берүүчү документтер даярдалууда. Бул туурасында КРдин Москвадагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматта элчиликтин консулдук бөлүмүнө 12-июлда маркумдун тууганы кайрылып, кайниси каза болгонун кабарлаган.

Консулдук бөлүм окуя 10-июлда кечки саат 23:40 чамасында Москва Балашиха шаарындагы Волга трассасында жол кырсыгынан каза тапканын тактап, билген.

"КРдин жараны К.уулу Б. башкарып келе жаткан оор жүк ташуучу АФ 474330 номерлүү автоунаасын артынан келе жаткан ЕМ 182550 номерлүү оор жүк ташуучу авто унаа сүзгөн. Анын кесепетинен кыргызстандык жаран башкарган автоунаа Рено АЕ 430 Магнум авто унааларынын ортосунда калып каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерден маркумдун жанынан айдоочулук көбөлүгүнөн башка документ чыккан эмес. Элчилик анын ким экендигин документалдык жактан тактап, сөөктү мекенине жөнөтүү иштерине уруксат берүүчү документтерди топтоо менен алектенип жаткандыгын айтышты.

Дипломатиялык мекеме бул жагдай элчиликтин көз кырында болуп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0