Жума башынан бери төрт киши сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековНесчастные случаи в озерах КР
Несчастные случаи в озерах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кырсык Ош, Чүй облустарында катталган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Өлкө аймагындагы аптаптуу аба ырайынан улам сууга түшүп чөгүп кеткен жарандар көп катталууда.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Саратанда кимге көлгө барууга болбойт? Ысык-Көлдөгү 7 кооптуу көрүнүш
ӨКМдин маалыматы боюнча 12-июлда Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Араван каналына 27 жаштагы киши чөгүп кеткен. Аны издөөгө 17 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн милицияга өткөрүп беришкен.

11-июлда болсо Ноокаттын Көк-Жар айылындагы Найман суу сактагычына 18 жаштагы бала чөгүп кетип, бир күндөн кийин сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.

Ал эми 10-июлда Бишкек — Ош автожолунун 105-чакырымында Жайыл районундагы Кара-Балта суусуна Honda Fit автоунаасы түшүп кетип, 26 жаштага жаран сууга агып кеткен. 12 куткаруучу тартылып, ушу кезге чейин изделип жатат.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы көлмөлөрдүн биринде 15 жаштагы бала сууга чөгүп кетип, куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып, милицияга өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0