Ноокаттын Найман суу сактагычынан 18 жаштагы уландын сөөгү табылды

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүСуу сактагыч. Архив
Суу сактагыч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерине жалпы жонунан 10 куткаруучу тартылган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы Найман суу сактагычына чөгүп кеткен 18 жаштагы баланын сөөгү бир күндөн кийин табылып, жакындарына берилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 11-июль күнү саат 15.30дарда болгон. Издөө иштерине жалпы жонунан 10 куткаруучу тартылган.

Сөөк 12-июлда саат 10.05те табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0