Токтогул менен Кара-Көлдө жер титиреди

Жазылуу
Министрлик жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин айтты.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. 11-июль күнү саат 23.34тө Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, силкинүү Токтогулдун Көк-Бел айылында 3,5 балл, Токтогул шаары менен Торкент айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2,5 балл болуп сезилген.

Министрлик жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0