Бишкек — Ош жолунда автоунаа дарыяга кулап, бир киши дайынсыз болууда

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүУ водопада Кивач
У водопада Кивач - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар сууга аккан кишини издеп жатышат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда Honda үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Балта дарыясына кулады деп билдиришти ӨКМден.

Кырсык кечээ болгондугу айтылды. Анын кесепетинен 26 жаштагы киши сууга агып кеткен.

Окуя болгон жерде ӨКМдин куткаруучулары иштеп жатканы менен азырынча жыйынтык боло элек. Министрликтен издөө иштери уланып жатканын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0