Сокулуктун базарында чак түштө 10 жаштагы кыз зордукталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи педофилии в Кыргызстане
Случаи педофилии в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 10-июлда саат 14:00дөр чамасында болгон.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Сокулук айылындагы базарда 10 жаштагы кыз зордукталганын Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 10-июлда саат 14:00дөр чамасында болгон.

"Окуя болгон жерге Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери дароо барышкан. Кылмыш жаза кодексинин "Күч колдонуп зордуктоого аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бардык сот-медициналык экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын билдиришинче, издөө иштерине Чүй облустук жана Сокулук районунун тажрыйбалуу кызматкерлери тартылган.

Укук коргоо органдарындагы жеке булактын Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдашынча, борбордук базардын жанында кийими жарым-жартылай чечилип, ыйлап отурган кызды ал жактан өтүп бараткан аял байкап калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0