Москвада 17 жаштагы кыргызстандык кыз 4-кабаттан кулап кетти

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүПервый дом для переселения по программе реновации в Москве
Первый дом для переселения по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучунун операциясына 800 миң сом керектелери айтылды.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Москва шаарында Тайчибай кызы Гулиза аттуу 17 жаштагы кыргызстандык кыз жашап жаткан үйүнүн 4-кабатынан кулап ооруканада жатканын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Такталган маалыматка ылайык, кыз кырсыкка 1-июнь күнү болжол менен саат 22.30дарда кабылган. Гулизанын Ош облусунун Кара-Кулжа районунан экени айтылды.

“Кыргызстандык жаран ошол эле күнү Склифосовский атындагы ооруканага жеткирилип, хирургия бөлүмүнө түшкөн. Дарыгеринин айтымында, Тайчибай кызынын куймулчагы менен оң бутунун согончок сөөгү сынып кеткен. Бөлүм башчынын айтымында, операция болжол менен 800 миң сом турат. Анын 500 миңи сөөктөрдү бекемдөөчү темир конструкцияларга жумшалат экен. Жабырлануучунун милдеттүү медициналык камсыздандыруусу болсо операция акысыз жасалмак, бирок андай документи жок болуп чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүгө Гулизанын энеси да катышкан. Элчилик кызды мындан ары Москвадан дарылоо же Кыргызстанга алып кетүү маселесин анын жакындары чече турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0