Ысык-Көлдө маршрутка менен жеңил унаа кагышып, 17 киши жабыркады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Иссык-Куль унаа жолу. Архив
Бишкек — Иссык-Куль унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 8-июль күнү саат 4.30дар чамасында Корумду айылынын аймагында болгон.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 101-чакырымында жүргүнчү ташыган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү маршрутка менен Mercedes-Benz s-600 үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышканын облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-июль күнү болжол менен таңкы 4.30дарда болгон.

"Ысык-Көл облусундагы Пионер айылынын 31 жаштагы тургуну жүргүнчү салып чыгыш тарапты көздөй бараткан. Аны каршы тилкеде келе жаткан жеңил унаа сүзгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициянын айтымында, Mercedes-Benz s-600 унаасынын 65 жаштагы айдоочусу олуттуу жаракат алып ооруканага жаткырылган. Мындан тышкары, 16 жүргүнчү жеңил жаракат алып, дарылануудан баш тарткан.

Ушу тапта бардык материалдар Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0