ӨКМ: дем алыш күндөрү Кыргызстанда беш адам сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАкция в память о погибших на теплоходе "Булгария" в Казани
Акция в память о погибших на теплоходе Булгария в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чөккөндөрдүн сөөгү суудан чыгарылгандан кийин милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Кыргызстан боюнча беш адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө бир жума мурда сууга аккан 79 жаштагы карыя табылбай жатат
7-июль, ишемби күнү, Чүй облусунун Ысык-Ата районун Ивановка айылындагы көлмөдөн 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгүн алып чыгышты. Ушул эле күнү Сокулук суусуна 58 жана 40 жаштагы аял кишилер чөгүп кеткен. Куткаруучулар алардын сөөктөрүн үч саат аралыгында табышты.

Ал эми кечээ, жекшембиде, Базар-Коргон районунун Кайырма көлүнө 24 жаштагы жигит чөккөн. Дагы бир кырсык Кадамжай районунда катталды. Анда Үч-Коргон айылындагы "Золотой мост карьери" көлмөсүнө 47 жаштагы адам чөккөн.

ӨКМ куткаруучулары экөөнүн тең сөөгүн бир нече саатка созулган издөө иштеринен кийин суудан таап чыгышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0