Ысык-Көлдө бир жума мурда сууга аккан 79 жаштагы карыя табылбай жатат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоголгон адамды издеп кеткен ыкчам топ байланышка чыга элек.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда сууга агып кеткен 79 жаштагы карыя табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"2-июль күнү Барскоон айылынын 79 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып, Кааз-Уя жайлоосуна мал айдап бара жаткан учурда Кара-Суу суусуна агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 5-июль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин беш куткаруучусу, айыл аймактан эки жана милициядан бир кызматкер тартылган. Бирок изделип жаткан адам табыла элек", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кечээ жекшембиде ӨКМдин Нарын шаардык №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу кошумча тартылганы айтылды.

Азырынча ыкчам топ менен байланыш боло элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0