Бишкекте алты машина кагышып, бир бала жабыркады. Видео

Жазылуу
Жол кырсыгы 4-июлда саат 15:00дөр чамасында болгон.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектин Гагарин жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде алты автоунаа кагышты. Анын видеосу Instagram баракчасына жарыяланды.

Шаардык милиция жол кырсыгы 4-июлда саат 15:00дө болгонун билдирди.

"Гагарин көчөсүндө этиятсыздыктан алты машина кагышты. Алардын көбү жолдун четинде токтоп турган. Жол кырсыгынын кесепетинен автоунаанын ичиндеги бир бала жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилген", — дешти милициядан.

Бардык алты машина тең айып короого токтотулган. Чогултулган материал тергөө органдарына жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0