БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектин 12-кичирайонундагы чакан базардын жанында милиция кызматкерлери чет элдик жаранды күч колдонуп унаага салууга аракет кылган. Окуяны видеого тартып алган күбө Instagram тармагындагы баракчасына жүктөгөн.
Видеонун алдындагы жазууга караганда, чет элдик кишини жанында документтери жок болгондугу үчүн кармашкан.
Ал эми Бишкек ШИИБинен үч чет элдик жаран жол эрежесин бузгандыгы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана докуметтерин текшерүү максатында токтотулганын билдиришти.
"Чет элдиктер жолду туура эмес жерден өтүп бара жатканын көргөн Октябрь райондук милициясынын кызматкери аларды токтоткон. Ошол маалда жанында документи жок чет элдик тартип сакчысына каршылык көрсөткөн", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Кармалган чет элдик Октябрь РИИБине жеткирилген. Аты-жөнү аныкталган соң түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйүнө жиберилген.
Бийлик өкүлүнө күч колдонуп каршылык көрсөтүү фактысы боюнча текшерүүлөр жана милиционерлердин кыймыл аракетине баа берүү үчүн кызматтык иликтөөлөр жүрүп жатат.