РФтеги жол кырсыгынан каза болгон үч кыргызстандыктын экөө наристе

© Фото / пресс-службы УМВД по Псковской областиЧетыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения
Четыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Чувашия республикасынын Козловский районунда болгон.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кечээ, 4-июль күнү, Россияда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинде үч кыргызстандык каза тапканын полицияга шилтеме берүү менен Кыргызстандын РФтеги элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Чувашия республикасынын Козловский районунда болгон.

"РФ ИИМинин Чувашия республикасы боюнча бөлүмүнө кайрылганыбызда унаа кырсыгынын кесепетинен эки адам жабыркап, үч адам каза болгонун тастыкташты. Көз жумгандардын бардыгы кыргызстандыктар болуп чыкты. Бири 24 жашта болсо, экөө беш жана алты жаштагы наристелер экен", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Жаракат алган 36 жана 27 жаштагы адамдар кайсы өлкөнүн жарандары экени так айтылган эмес. Алар учурда Чебоксары шаарынын Тез жардам ооруканасында дарыланууда.

Иликтөө иштери башталганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0