Аң ичинен табылган сөөк. Чүйдө кылмышка шектүү жаран кармалды

Жазылуу
Маркум 2015-жылдан бери дайынсыз болуп издөөдө болчу.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районунда адам өлтүрдү деген шек менен бир киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Медициналык экспертиза жүргүзүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадамжай: сөөгү каналдан табылган 39 жаштагы аялдын өлүмү боюнча иш козголду
Ага ылайык, быйыл милиция кызматкерлери ыкчам алынган маалыматтын негизинде Кыз-Моло айылындагы үйлөрдүн бирин тинтүүгө алган. Натыйжада короодогу аңдын ичинен кишинин чирип кеткен сөөгү табылган. Ал 2015-жылы дайынсыз жоголгон үй ээси экени аныкталды.

29-июнда шектүү жаран кармалып, ага Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0