Жалал-Абадда жер титиреди

Жазылуу
Жердин силкингени облустун Кызыл-Туу, Кум жана Теңдик айылдары менен Шамалды-Сай шаарында сезилген.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бүгүн түнү саат 1.39да Кыргызстандын түштүк аймагында жер титирегенин Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, силкинүүнүн күнү очогунда 3,5 баллга жеткен. Жалал-Абаддын Кызыл-Туу айылы менен Шамалды-Сай шаарында 2,5 балл, Кум жана Теңдик айылдарында 2 балл болуп сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0