Алматыдагы кампаларда ири өрт чыкты. Уюлгуган кара түтүн менен жалындын видеосу

© © SputnikАлматы шаарында жайгашкан кампалардан өрт чыгып, жалын 3000 чарчы метр жерди каптады
Алматы шаарында жайгашкан кампалардан өрт чыгып, жалын 3000 чарчы метр жерди каптады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоодон улам бардык ыкчам кызматтар иштеп, бир нече бригадалар өрттү өчүрүп жатат.

БИШКЕК, 28-июн. – Sputnik. Алматы шаарында жайгашкан кампалардан өрт чыгып, жалын 3000 чарчы метр жерди каптады. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды. 

Билдирүүгө караганда "101" кызматына таңкы саат 06.03тө Турксиб районуна караштуу Кайрат кичирайонунда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Sputnik Казакстанга өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кампалар күйүп жаткандыгын тастыкташкан.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө өрт өчүрүү кызматынын 75 адамы 20 техника менен чыккан.

Абага тик учак көтөрүлүп, асмандан бир учурда үч миң тоннага жакын суу чачып жатат. ӨКМден аба техникасы 10 ирет көтөрүлгөндүгүн билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0