Паранын 80 миң сомун аялынын эсебине котортуп койгон инспектор кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоррупция в КР
Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инспектор ишти оң жакка чечип берүү үчүн бухгалтеринен 200 миң сом талап кылган.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Эсеп палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Эсеп палатасынын инспекторуна карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Билдирмеге караганда, шектүү 200 миң сом пара талап кылган деп айыпталууда.

"2017-жылы Нарын районундагы Билим берүү бөлүмүнө жүргүзүлгөн финансы-чарбалык аудит учурунда инспектор мыйзамсыз негизде каражат королуп кеткен деп бүтүм чыгарган. Андан кийин ишти оң жакка чечүү үчүн аталган бөлүмдүн бухгалтеринен 200 миң сом талап кылган. Мындан улам ал 80 миң сомду инспектордун жубайынын атына которгон", — деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө амалдарын жүргүзүү иштери УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0