Жалал-Абадда эки жол кырсыгынан 16 киши жабыркады

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки учурда тең жабырлануучуларды бейтааныш адамдар ооруканага жеткирген.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда дүйшөмбү күнү болгон жол кырсыктарынан баш-аягы 16 киши жабыркаганын ӨКМ билдирди.

Бишкектеги Орто-Сай базарынын жанында ири жол кырсыгы катталып, натыйжада Улуттук Гвардиянын кызматкери каза болду - Sputnik Кыргызстан
Жубайына төрөтканага бараткан... Бишкектеги жол кырсыгынан офицер каза тапты (жаңыланды)
Биринчиси Чычкан капчыгайында саат 19.30дар чамасында болгон. Алты кишиси менен келе жаткан Honda Fit жолдон чыгып кетип, бир капталына оодарылып калган. Жабырлануучулардын баарын жолдон өтүп бараткан машиналар жакын жердеги ооруканага жеткиришкен.

Экинчи кырсык Кара-Көл шаарынан анча алыс эмес Сары-Булак тилкесинде болгон. Volkswagen Passat менен Mazda 626 кагышып, эки айдоочу, ичиндеги сегиз киши тең жаракат алган. Аларды да бейтааныш адамдар ооруканага алпарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0