Өткөн дем алышта өлкө боюнча төрт киши сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековНесчастные случаи в озерах КР
Несчастные случаи в озерах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын бары жекшемби күнү болгон.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Чүй облусунда эки, Ысык-Көл облусунда эки киши сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Озера на территории Карагачевой рощи - Sputnik Кыргызстан
Сактанганды сактайт! ӨКМ сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин айтып берди
Ага ылайык, 24-июнда Бишкектин Свердлов районунда Чоң Чүй каналына 42 жаштагы киши чөгүп кеткен. Куткаруучулар ошол эле күнү маркумдун сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ушул эле күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда 17 жаштага бала Энергетик дачасындагы көлмөгө чөгүп кеткен. Сөөктү куткаруучулар тапкан.

Жекшемби, 24-июнда, Ысык-Көл облусунда да эки кырсык катталды. Куткаруучулар Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Кекилик пляжында чөгүп кеткен 16 жаштагы баланын сөөгүн суудан алып чыгып, туугандарына тапшырган.

Экинчи каргаша Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында болгон. "Лазурный Берег" пансионатында чөгүп кеткен 24 жаштагы тургундун сөөгүн да куткаруучулар тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0