Бишкекте журналистти рейд учурунда машина коюп кетти

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүСитуация с энергоснабжением Крыма
Ситуация с энергоснабжением Крыма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган журналист машинаны Финполдун кызматкери айдап баратканын айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Борбор калаада рейд учурунда өзүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлү деп тааныштырган тургун журналистти машинасы менен коюп кетти. Бул тууралуу Kaktus.media интернет-порталы жазды.

"Ага ылайык окуя кечээ түнү таңкы саат 4:20лар чамасында болгон. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Lexus GS үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Андан түшкөн тургун өзүн Нурлан деп тааныштырып, Финполдо иштей турганын айткан жана протокол толтурбоону суранган. Бирок инспектор андан баш тартканда бардык процедураны өтүүгө макул болгон.

Бишкекте эки автоунаа бетме-бет кагышты. Кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки автоунаа бетме-бет кагышты. Кырсыктын видеосу
"Инспектор четке чыкканда Kaktus.medis порталынын журналисти бардык окуяны видеого тартып баштаган. Айдоочу инспектордун жок экенинен пайдаланып, газды басып кетип калууга аракет кылган. Бул учурда журналист четке секирип кеткенге үлгүргөн. Бирок ага карабай журналистти бутка коюп кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Качып кеткен айдоочуну таап, кармоого мүмкүн болгон жок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуяга көз салып турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0